Америкалык Жеймс Маквей аттуу жаран АКШнын президенти Барак Обаманы өлтүрүүгө даярдангандыгы үчүн өлүм жазасына тартылды. Ал 2011-жылы Вашингтонго барууга унаа табуу үчүн алгач 75 жаштагы Мэйбелл Шейнди өлтүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сот Маквейди күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына тартты. 44 жаштагы кылмышкер актанууга аракет да кылган эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Барак Обаманы өлтүрүү үчүн борборго сапарга чыкканын моюнуна алган. Аны менен катар Маквей Вашингтонго жеткиче адам өлтүрүүгө машыгуу үчүн бир нече адамды жайлоону пландаганын ачыкка чыгарган.
Маквейдин адвокаттары соттон анын психикалык оору менен жабыркай тургандыгын айтып, күнөөсүз деп табышын талап кылышкан. Бирок сот өз чечимин күчүндө калтырган.
Учурда бул чечим Түштүк Дакота штатынын Жогорку Сотуна жөнөтүлдү. Азырынча уктуруу качан болору белгисиз.