Ош шаарында тез жүрүүчү маршруттук каттам ачылды

Ош шаарындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги алгачкы жолу тез жүрүүчү №114-маршруттук каттамын ачты. Бул маршруттук каттам Черёмушка, Анар, Төлөйкөн, Кулатов, Ак-Тилек кичи райондоруна Мамырова көчөсү аркылуу Курманжан датка кичи райондоруна барат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Нурлан Курманбаев билдирди.

Анын айтымында, тез жүрүүчү каттам 10-майда башталды. Унаалардын жүрүү графиги эртең мененки саат 6:30дан 9:30га чейин, ал эми кечкисин 16:30дан 19:00гө чейин шаардыктарды тейлейт.

Учурда каттамда 10 унаа иш алып барып, аралыгы 5 мүнөттү түзөт.

Мындай демилгенин келип чыгышы шаарда жол тыгындардын көптүгүнөн студенттик шаарчадагы студенттер эртең мененки окуусуна убагында бара албагандыгы себеп болгон. Мындан тышкары ушундай эле каттам Манас-Ата кичи районуна да ачылуусу пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kara_kyrgyz
2014-05-15 10:13:20
ооо! жакшы го Востоктон Западныйга туз эле Востоктон чыгып через Ноокатский, Черемушка болуп кирип барат экенсин да! студенттерге жакшы болуптур да
+3
ere
2014-05-15 11:29:09
ооо жакшы болуптур Востоктон Западка сабактан кийин уйго келиш, эрте менен сабакка барыш олум эле болчуда эми кыйла жакшы болуптурда
+1
Jikos
2014-05-15 12:16:50
Восток деген жери жок гоо
-1
Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala
2014-05-15 13:53:57
Jikos, Юго-восток.
0
infomit
2014-05-15 14:17:17
Юго Восток жонундо соз болгон жок го бул жерде.
0
infomit
2014-05-15 14:26:54
Бул маршруттук каттам Черёмушка, Анар, Төлөйкөн, Кулатов, Ак-Тилек кичи райондоруна Мамырова көчөсү аркылуу Курманжан датка кичи райондоруна барат.деп турат. Ал эми "студенттик шаарчадагы студенттер" деп жалпы эле шаарыбызды айткан го. Анткени шаардын басымдуу болугун студенттер тузот го.
0
kristiano
2014-05-15 14:32:05
infomit, Курманжан Датка кичи району Юго Востоктун жаныча аталышы)))
0
adievich83
2014-05-16 08:38:46
infomit, Ошо Курманжан датка кичи району деген Юго-восток
0
Jamalym
2014-05-15 21:41:14
Сонун жанылык го :) Манас-атага да тезирээк ачылуусун кутобуз.
0
eldish12
2014-05-15 22:58:49
127 tez ele kattap turat go
0
algajawoo
2014-05-15 23:08:53
Ошто студентен башка эчким деле жок
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан