Биз социалдык тармакта

Ошто “Жол эрежелерин сактайлы” деген аталышта акция уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин Жаштар комитети тарабынан Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө “Жол эрежелерин сактайлы” деген аталышта акция уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ОшМУнун 6 факультетинен 600дөн ашуун студент катышып, жөө жүрүүчүлөрдү жол эрежесин сактоого, атайын белгилерден, жол чырактын жашыл чырагы жанганда өтүүгө үндөштү. Айрым жол эрежесин бузган айдоочуларга, шаар тургундарына жол-кайгуул кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Бул акциянын негизги максаты шаар тургундарын жол эрежесин сактоого үндөө, кырсыктардын алдын алуу, жаштардын, коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Иш-чараны Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте өткөрүп жатабыз”,- деди ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан