14-майда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда «Азыркы учурдагы жаш муунду тарбиялоодогу психологиянын орду» деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Анда жаштардын психологиялык жактан өнүгүүсүнө тийгизип жаткан терс көрүнүштөр айтылды. Студенттердин айтуусунда, бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы рэкетчилик балдардын өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын студенттери аталган темага байланыштуу докладдарды окушту.
Жыйынтыгында мыкты даярдалган баяндамалар комиссия тарабынан аныкталып, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, конференция Мамлеттүүлүктү бекемдөө жылына карата музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан уюштурулду.