Кыргызстан - Казакстан чек арасындагы демаркация маселеси 2013-жылы толук аяктайт

Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы демаркация маселеси 2013-жылы толук аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда маалымат жыйынында өкмөттүн аппаратынын алдындагы Чек ара делимитациясы боюнча бөлүмдүн жетекчиси Курбанбай Искандеров билдирди. Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасы боюнча эки тарап бир пикирге келип, бардык талаш чек ара маселелери чечилди. Демаркация иштери 30 зым карагай орнотулгандан кийин толук аягына чыгат. Маалыматка ылайык, делимитация процесси бүткөн, ал тууралуу макулдашууларга кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан