Алай районунда оор жүк ташуучу унаа 50 метр бийиктиктен кулап, кытай жараны каза болду

Алай районунда оор жүк ташуучу унаа 50 метр бийиктиктен кулап, кытайлык жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Алай районунун Үч-Дөбө айылында 2014-жылдын 14-майында Ош – Сары-Таш –Эркеч-Там унаа жолунун 140-чакырымында оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай 50 метр бийиктиктен кулап кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу - кытай жараны каза болгон. 

Кырсык катталган жерге КРнын ӨКМнын өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asiret
2014-05-15 10:08:13
Кудайга шугур кыргыз эмес экен
-7
Sagidko88
2014-05-15 15:25:44
койгула, ал деле бироонун атасы, бироонун баласы да. Жаман иш болуптур, Кудай ошондойдон сактасын.
+5
Baitoro
2014-05-15 18:12:49
Тура айтасыз
0
Kunnur
2014-05-15 22:47:39
Дуйно учун катардагы адам болуп саналса.а бирок бир адам учун дуйнодой адамдыр бир адам учун.
+1
SayKal1218
2014-05-17 22:39:46
Кытай экен дебесенер, окуп окундум бечара ал дагы адам. Жаман болуптур, ал дагы ошентип тиричилик деп оз жеринен биз жакта журушот да. Бизде кобойду деп жаман коробуз, бирок олбой эле калса болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан