Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 14-май күнү саат 09:52 чамасында Биринчи Май районунда жол кырсыгы катталган. Анда Портер үлгүсүндөгү унаа менен кичи автобус сүзүшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, Портер унаасына кысылып калган Ж.Токтомушевди чыгарышып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен.