Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги Айдаркен сымап комбинатына керектүү адис боюнча сынак жарыялады. Муну бүгүн, 15-майда аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, Айдаркенде сымап өндүрүүдө келип чыккан глобалдык жана жергиликтүү экологиялык зыяндын деңгээлин азайтууга байланышкан долбоорго координатор керек болууда. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 2014-жылдын 22-майына чейин уланат. Катышууну каалагандар аталган агенттикке кайрылууга же
projectkyrgyz@gmail.com электрондук дарегине кат жиберүүгө тийиш.