Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болгон.
Ош шаарында 60 чарчы метр болгон курулуш чарбасы, 500 килограмм макулатура, 4 куб отун, 6 стол жана майда буюмдар күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.