Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү: "Өзбекстан биздин кызматташуу тууралуу сунушубузга жооп бербей жатат"
Бүгүн, 9-январда маалымат жыйын өткөргөн Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча Өзбекстан тарап менен биргеликте атайын иш-чараларды өткөрүү мүмкүн болбой жатканын билдирди. Анын айтымында, кыргыз тараптын кызматташуу тууралуу сунушуна алар тараптан жооп боло элек. Губернатор райондук деңгээлде иш-чараларды уюштуруп, жолугушууларды өткөрүү сунушталганын кошумчалады. Белгилүү болгондой, Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги тарабынан Фергана облусунун жетекчилигине 3 жолу кат жөнөтүлүп, бир да ирет жооп болгон эмес.