Бишкекте дүкөндү тоноп жаткан адам кардардын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Салиева көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн бирине белгисиз адам кирип, сатуучуну бычак менен коркутуп акча жана спирт ичимдигин талап кылган. Ушул учурда дүкөнгө кардар кирип келген, ал сатуучуга жардам кылып, тоноп жаткан адам менен мушташып, колунан бычагын тартып алган. Кийин окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, качууга аракет кылып жаткан тоноочуну кармашкан.
Аталган кылмышты жасаган адам 1971-жылы туулган, буга чейин 5 жолу соттолгон Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.