Кыргызстанга 14-майда келген Меккедеги Аль-Харам мечитинин имамы Махир бин Хамад Аль Муъайкили ЖКнын спикери Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, андан соң депутаттар менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыйлуу конок бешим намазын Ак үйдүн намазканасында окуган соң Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болду. Ал муфтияттын кызматкерлери менен жакындан таанышып, кыргыз мамлекетине ийгилик, бакубаттуулук каалады. Сапар жолугушуулар менен уланып, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов сыйлуу конокту Кыргызстан ислам университетинин жамааты жана студенттери менен тааныштырды.