Бүгүн, 15-майда Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган Билим майрамы өткөрүлүүдө.
Анда университеттин факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери билим жарманкесин тартуулашууда. Ошондой эле бардык адистиктер интерактивдүү шоу-программаларын көрсөтүп, ОшМУнун таланттарынын концерттик программалары менен коштолууда.
Аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиеванын айтымында, Билим майрамына бардык аймактардан абитуриенттер, студенттер, мектеп мугалимдери, агай-эжейлер конок катары чакырылган.