Кара-Суу районунда мыйзамсыз жер тилкелерин берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын башчысы 65 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берген. Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.