Бишкек шаарынын тургунун муунтуп, унаасынын, батиринин ачкычын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургунун белгисиз адамдар күч колдонуп, муунтуп, акча талап кылышкан. Кийин аталган жарандын Лексус-470 унаасынын жана батиринин ачкычын тартып алышкан. Бул окуя тууралуу милиция кызматкерлерине кабарланып, ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Мирбек аттуу 1987-жылы туулган жаран кармалды. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.