Бишкекте айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 14-май күнү саат 13:40 чамасында 21 жаштагы Т.Нурбек Мицубиси Лансер унаасы менен жөө адамды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу 27 жаштагы Э.Ырыскан денесинен ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, унаа айып жайга токтотулду.