Бүгүн, 9-январда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы биргеликте меморандумга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бул меморандумга ылайык, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясына калктын күйүүчү жана майлоочу майга болгон муктаждыгын өз убагында кабарлап турат. Өз кезегинде аталган ассоциация май куюуучу жайларды, нефтебазаларды күйүүчү майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыздайт. "Алгачкы эки тараптуу келишим 2012-жылы түзүлүп, убакыт көрсөткөндөй, бул механизм эффективдүү жыйынтык көрсөттү",- деп белгилейт өкмөттүн маалымат кызматы.