Бишкекте “дүкөндөрдөн, унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүргөн” деген шек менен эки адам кармалды

Бишкек шаарында “дүкөндөрдөн жана унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүргөн” деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан 1981-жылы туулган айым кармалган. Маалыматтарга караганда, ал "Бишкектеги дүкөндөрдө уурулук кылып жүргөн" деп шектелүүдө.

Ошондой эле келип түшкөн арыздын негизинде милиция кызматкерлери "унааларда уурулук жасап жүргөн" деген шек менен 1973-жылы туулган Романды кармашкан. Тергөө учурунда аталган жарандын ушундай эле 3 кылмышка тиешеси бар экендиги ачыкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alai81
2014-05-15 13:39:27
Деле жакшы жанылык болбой калды го.уурдап кеткен,тоноп кеткен,зордоп кеткен жакшы конул бурулбай атат кылмыштуулука каршы ошол учун кундон кунго осуп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан