Марат Жээналиев Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьялыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 15-майда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу бар экени айтылды. Буга Судьялар кеңеши макулдук берген.