Жогорку Кеңештин депутаттары Карганбек Самаков, Чыныбай Турсунбеков жана башкалар 14-майда Нарын мамлекеттик университетинде “Ааламдашуу шартында аймактарды өнүктүрүү жолдору” аттуу конференцияга катышты.
Анда ааламдашуу шартындагы экономикалык өнүгүү, чет өлкөлөр менен болгон мамиле, тарыхый-маданий мурастардын корголушу, Нарын аймагын өнүктүрүү боюнча талкуу болду.
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, аймактагы окуу жайларына мамлекеттик камкордук көрүү, жаштарга терең билим берүү жаатында сөз болду.
“Жыйындын аягында аталган окуу жай менен тыгыз кызматташкан депутаттар Карганбек Самаковго, Чыныбай Турсунбековго жана Эльмира Жумалиевага Нарын мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамынын дипломдору тапшырылды”,- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.