Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташууну бельгиялык делегация менен талкуулайт

Бүгүн, 15-майда Бишкекке Гюнтер Слюваген баш болгон Бельгия мамлекетинен делегация келди. Иш сапары менен келген делегациянын курамында Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча Бельгиянын тышкы иштер министри Мишель Петерманс жана Кыргызстандагы Бельгиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси да бар. 

2013-жылы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Бельгияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Делегаттар ошол сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу максатында тышкы саясат боюнча мекемелердин жетекчилери биринчи кеңешме өткөрүшөт. 

Анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу, Евробиримдиктин алкагындагы келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууга алынат. Ошондой эле аймактык коопсуздук боюнча биргеликте иш алып баруу жана соода-экономикалык байланышты кеңейтүү жана Бельгиядагы инвесторлорду Кыргызстанга тартуу жагы каралат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан