Ошто 19-май күнү жаштар энелерге гүл тартуулашат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы
Эрнис Кулназаров билдирди.
"Энелерге күн сайын түркүн белектерди берип, сыйыбызды көрсөтсөк да аздык кылат, себеби алардын таманында бейиш төрү бар. Ошентсе да Энелер күнүндө жаштар шаарда жөө жүргөн энелерге миң чакты гүл таратат",- деди ал.