Бишкекте жүк ташуучу унаа темир жол өтмөгүндө тепловоз менен сүзүшүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, 14-май күнү 24 жаштагы Эсентур аттуу жаран Хово унаасын айдап бара жатып темир жол өтмөгүнөн тепловоз менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында Хово унаасы оодарылып кеткен. Жабыр тарткандар болгон эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу токтотууну көрсөтүп турган белгиге баш ийбей темир жолдон өтүп кеткен. Учурда автоунаа айып жайына токтотулуп, иликтөө уланууда.