Адилет министрлигинин ведомстволук комиссиясы Икрамидин Айткуловду жактоочулук укуктан ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүн карады. Башкы прокуратуранын белгилөөсүндө Икрамидин Айткулов бир нече ирет, өзгөчө депутат Камчыбек Ташиевдин ишине байланыштуу кылмыш ишин кечиктерген. Ушул себепке байланыштуу жактоочулук укугунан ажыратуу маселеси сунушталган.
Эскерте кетсек, 2012-жылдын 8-декабрында Адам укугун коргоо кеңеши И.Айткуловду колдоо боюнча адилет министри Алмамбет Шыкмаматовго, адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиевга, башкы прокурор Аида Саляновага, КРнын Жактоочулар союзунун президенти Гулиза Кожоновага кайрылуу жиберишкен.