Жогорку Сот ИИМ академиясынын башчысынын мурдагы орун басары Р.Амираевге карата чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечимди кечээ, 14-майда Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы чыгарды.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 13-мартында ИИМ академиясынын башчысынын мурдагы орун басары Р.Амираев 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча “пара алуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгон эле. Кийин 2013-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Амираевди күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган.