Бишкек шаарындагы №72-орто мектептин мугалимдери 6-класстын окуучусу Асылбек кызы Айдананын ата-энесине телефон чалышып, “жогорку класстын балдарына кызыңды сабатып, мойнун жулдурабыз” дешиптир.
Муну бүгүн, 15-майда маалымат жыйында "Мен кыргызмын" коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Сабыр Мамбетов билдирди.
Айтымында, аталган окуучуга мугалимдер тарабынан коркутуулар болуп жатат.
“Айдананын ата-энеси мага телефон чалышып, тынчсызданып жатканын айтышты. Окуучуга карата ошол эле мектепте окуган жогорку класстын балдары коркутуу жасай турганын мектеп мугалимдери айтышыптыр. 6-класстын окуучусун басмырлап жатышат”,- дейт Мамбетов.
Мектептин математика мугалими Салтанат Казыбаева 2014-жылдын 1-апрелинде Асылбек кызы Айдананын сабакта иштеп чыккан мисалдарын туура эмес баалап, ага төмөн баа коюп койгону жана мугалимдер окуучулардан "20 сомдон алып келгиле" деген талап койгонуна байланыштуу прокуратурага арыз бергенин айтты коомдук ишмер.
"Туура эмес койгон баасын мойнуна албастан, кайра окуучуга коркутуу жасап жатышат", - деди Мамбетов.