Бишкекте "уюлдук телефон уурдаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды

"Дордой" базарынан жарандардын сумкаларынан уюлдук телефон уурдаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда таркатты.

Маалыматтарга караганда, Жазгүл аттуу айым милиция кызматкерлерине кайрылып, "Дордой" базарынан белгисиз адамдар анын сумкасынан 30 миң сомго бааланган уюлдук телефонун уурдап кетишкенин кабарлаган. Ыкчам аракеттин натыйжасында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Аскар аттуу жаран кармалган.

Ошондой эле аталган жаран "Турсун аттуу айымдын сумкасынан "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдаган" деп шектелип жатат. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан