Бирдиктүү мектеп формасынын баасы 2 миң сомдон ашпайт жана мектеп формасы 10-июнга чейин бекитилет. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда басма сөз жыйынында КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
“Бирдиктүү мектеп формасы туурасындагы иштер жыйынтыкталып калды. Мектеп окуучулары үчүн эң мыкты 8 кийим үлгүсү тандалып алынды. Дизайнерлер 1-4, 5-9 жана 9-11-класстар үчүн форма түрүн тартуулашты. Анда жайкы жана кышкы формалар көрсөтүлгөн. Баасы 2 миң сомдон ашпайт”,- дейт К.Садыков.
Анын айтымына караганда, бул баа ата-энелер үчүн жеткиликтүү болот. Ал ар бир мектеп сунушталган бир нече форманы ичинен каалаган түрүн тандоого мүмкүнчүлүктөрү бар.