Министрликтердин, ведомстволордун алдындагы Коомдук байкоочу кеңештер статс-катчылардын ишмердүүлүгүн баалайт. Бул тууралуу КРнын Коомдук байкоочулар кеңешинин сайтында жазылып чыкты. Ошентип, КБКнын мүчөлөрү беш баллдык көрсөткүч менен статс-катчылардын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн баалайт. Алар бул кызматтын жыйынтыгын, ресурстарды бөлүштүрүү жана колдонуу боюнча мамлекеттик кызматкерлердин сапаттуу иштөөсү үчүн кандай индикаторлорду иштеп чыккандыгын жана башка иш-аракеттерин баалашат.