Эльвира Сариева Чүйдөгү үч эм төрөгөн энени куттуктады

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 15-майда Чүй облусунун Беш-Корук айылындагы үч эм төрөгөн айымдын үйүнө барды. Анда өкмөт өкүлү жаш ата-энеге өкмөттүн резервдик фондунан 150 миң сом акчалай жардам берип, үч наристеге жана энесине ден соолук каалады. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз үй-бүлөсүндө очок ээси, үйдөгү жылуулук менен бейпилдикти сактаган адам катары энеге ар дайым урмат көрсөтүлөт. Үч эмдин энеси болуу – чоң сыймык. Жаш үй-бүлөлөрдөн мындай сонун наристелер төрөлүп жатышына кубанычтамын”,- деди Сариева.

Айта кетсек, Асымбаевдердин үй-бүлөсүндө мурун 2 бала болсо, 2012-жылы үч эм наристелүү болушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан