Лейлекте аткезчилик жол менен 11 тонна пияз ташып келе жаткан Кыргызстандын жараны кармалды

Лейлекте аткезчилик жол менен 11 тонна пияз ташып келе жаткан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 14-май күнү Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан оор жүк ташуучу унаа токтотулган. Унаанын ичинде Өзбекстандан алынып келе жаткан жалпы баасы 400 миң сомдук 11 тонна пияз болгон. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран жана жүк Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zenit28.
2014-05-15 13:15:01
Озуно сак болуп бери ташыса болеверет, нары ташыбасында
0
Aviator
2014-05-15 16:02:43
Кыйратыпсынар. Канча деген бензиндер кетип жатат ошолорду кармасанар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан