Бишкекте бүгүн, 15-майда “Германиянын Бундестагынын мисалында парламенттик ишмердүүлүк жөнүндө илимий-изилдөө кызматтарынын ролу” деген темада тегерек стол өтөт. Муну парламенттин маалымат кызматы билдирди. Иш-чараны Жогорку Кеңештин аппаратынын Илимий-изилдөө борбору уюштуруп жатканы айтылды. Тегерек стол парламентте өтүп, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү парламент ишиндеги илимий-изилдөө кызматтарынын орду тууралуу атайын баяндамаларды жасашат.