Шаардын Кулатов көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган короо бузулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан шаардын Кулатов көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө мыйзамсыз кеңейтилген жер тилкелерин тартипке келтирүү боюнча пландуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда аталган департаменттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеке турак жай департаменти тарабынан Кулатов көчөсүндөгү №53 жана №41-жер тилкелерин мыйзамсыз кеңейтүүлөр боюнча сотко доо арыздар берилген.

Ошондой эле Кулатов көчөсүндөгү №41-жер тилкеси жана Чехов көчөсүндөгү №1-дарегиндеги жер тилкесинин ээлерине “Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө” жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилген. 

Үстүбүздөгү жылдын 13-майында райондук соттун 15-январдагы №ГД-643/14 БЗ чечиминин негизинде Кулатов көчөсүндөгү №47-жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулган короо бузулуп жана мыйзамсыз кеңейтүү боюнча жер тилкесин 19-майга чейин баштапкы абалына келтирүү жер ээсине жүктөлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан