Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен жүк өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, кыргыз-өзбек чек арасынан Кыргызстандын жараны чек ара өтмөгүнөн тышкары жерден Өзбекстандан алынып келе жаткан 467 килограмм жез металлын алып өтүүгө аракет кылып, кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган. Аткезчилик менен өткөрүлүп жаткан жүк 47 миң сомго бааланганы белгилүү болду. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана ал алып бараткан жүк укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.