Бүгүн, 15-майда Чүй облусунда КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Газпромнефть-Азия - Антитеррор 2014" командалык-штабдык окууларын жүргүздү. Иш-чарага УКМКнын Террорчулукка каршы борбору жана өрт өчүрүү, тез жардам берүү, милиция кызматтары катышышты.
Айта кетсек, окуулар эки жерде өттү. Биринчисинин планы боюнча 3 террорчу май куюучу жайдын дүкөнүндө адамдарды туткунга алып, 1 миллион доллар жана алардын жакындарын абактан бошотуусун талап кылышты. Экинчисинде террорчулар турак жайдын ичинде адамдарды туткунга алып, анын жанында жайгашкан май толтуруучу бактарды миналап коюшкан.
КРнын УКМКнын Террорчулукка каршы күрөшүү борборунун башчысынын орун басары Таалайбек Жапаровдун айтымында, командалык-штабдык окуулар ийгиликтүү өттү. "Аталган иш-чаралардын негизги максаты - террорчулук аракеттерди жокко чыгаруу. Ушул багытта болгон башкаруу механизмдерин текшерүү жана эл аралык террорчулукка каршы түзүмдөрү менен чогуу иштешүү”,- деди ал.
Окуулардын катышуучулары Ардак грамота жана эстеликке белек менен сыйланышты.