Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча башкы прокурорду айыптоодо. “Бир жыл мурун парламентте Батукаевдин маселеси каралып жатканда Аида Салянова анын (ред. Батукаевдин) адвокаты болуп кетейин деген. Анын түрмөдөн бошотулушунда мыйзам бузуу болбогонун айткан. Эми болсо Батукаевге издөө жарыяланганын айтууда. Мен ушуну түшүнбөй жатам”,- дейт Акун.
Акун аталган кылмышкерди бошотуу үчүн анын жакындарынан 100 миң доллар албаганын кошумчалады.