Нигериянын Борно штатында жергиликтүү тургундар аймакка чабуул жасаган "Боко Харамдын" 200 согушчанын өлтүрүп салышты. Бул тууралуу 14-майда "
Nigerian Watch" ММКсына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, экстремисттерге каршы ыктыярдуу отрядга жергиликтүү тургундар кошулган, алар айылга чабуул жасап келген согушчандарды өлтүрүп, айрымдарын колго түшүрүшкөн. Бул Борно шаарындагы апта ичиндеги исламисттер тарабынан жасалган экинчи чабуул. 9-майда дал ушундай терактта 30га чукул жаран курман болгон. Анда экстремисттер Камерундан алыс эмес жердеги көпүрөнү жардырып салышкан эле. Ал эми февраль айында христиандар жашаган айылга чабуул коюлуп, жүздөгөн жашоочу көз жумган. Борно, Йобе жана Адамава штаттарында өзгөчө кырдаал киргизилип, бийлик аталган райондорго кошумча куралдуу күчтөрүн жөнөттү. Алар террорчуларга туруштук бере албай калганда жашоочулар өз алдынча күрөшүү үчүн отряд түзүшкөн.
Бийлик менен радикал-экстремисттердин куралдуу тиреши апрель айында күч алган. "Боко Харамдын" өкүлдөрү 200дөн ашуун мектепте окуган кыздарды уурдап кеткен. Андан соң кыздарды кулчулукка сатып, турмушка чыгууга мажбурлашарын айтышкан. Бийлик исламисттер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдугун бергенде согушчандардын лидери Абубакар Шекау кыздарды кармалган тарапташтарына алмаштыруу боюнча талап койгон.