Геология агенттиги жарандарды кен иштетүү тармагында ортомчуларга алданбоого чакырууда

Кыргызстанда кен иштетүү тармагындагы маселелер ортомчуларсыз чечилиши керек. Муну бүгүн, 15-майда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматта булар айтылат:

“Акыркы күндөрү кен пайдалануучулар жана лицензия алууга арыз бергендер түрдүү көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчу тараптардын алдамчылыгына кабылып жатканы боюнча Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине көп кайрылуулар түшүп жатат. Дагы бир жолу эскертебиз, Геология агенттигинин иш милдетине кирген бардык маселелер мыйзам алкагында гана чечилет жана чечиле бермекчи. Буга байланыштуу ар кандай маселе боюнча агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнө түз кайрылууну, эгер алар чече албаса, агенттиктин жетекчилигине кайрылууну жарандардан өтүнөбүз”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан