Жоомарт Оторбаев Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын президенти менен жолугушту

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-майда Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту. Өкмөт башчы 1995-жылдан бери аталган мекеменин колдоосу менен Кыргызстанда 111 долбоор жактырылганын, анын суммасы 457 миллион евро болгонун белгиледи. Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү процессинде өнөктөштөр менен кызматташуусу зарыл экенин да айтты Оторбаев.

Чакрабарти “Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстанга салынган инвестициянын көлөмүн көбөйтөт. Кыргызстанда коррупция менен күрөш активдешти, экономикалык өсүш байкалууда” деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан