Сабыр Мамбетов, активист: “№72-мектептин директорун өрттөйм же Кыргызстандагы билим берүү системи боюнча Эл аралык сотко кайрылам”

“Бишкек шаарындагы №72-мектептин директору Дамира Назаркулованы өрттөйм же Кыргызстандын билим берүү системи боюнча Эл аралык сотко арыз берем”,- дейт “Мен кыргызмын” коомдук уюмунун өкүлү Сабыр МамбетовАталган мектептин директору Дамира Назаркулованын жана башка 5 мугалимдин үстүнөн прокуратурага төрт ирет арыз менен кайрылганын айтат активист. 

Ал эми аталган мектептин мугалимдери "окуучуларды 20 сомдон чогултууга мажбурлашты" деп өздөрүнө тагылып жаткан айыптарга макул эмес. “Сабыр Мамбетов биздин үстүбүздөн арыз жазып, 10 жылдан 17 жылга чейин каматам деп жатат. Анда мугалимдердин укуктарын ким коргойт? Биз эч кандай "акча алып келгиле" деп айткан эмеспиз. Керек болсо сот алдында жооп беребиз”,- дейт мугалим Зоя Саякбаева

Сабыр Мамбетов: “Иштин натыйжасы жок болгондуктан жана мектеп директору тоготпостукка салып жаткандыктан, Жогорку Сотко кайрылам”,- деди.  

Айта кетсек, активист мектеп директорун жана мугалимдерди 6-класстын бир окуучусунун тапшырмасын туура эмес баалаганы жана окуучулардан 20 сомдон чогултуу аракети боюнча күнөөлөп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Саби
2014-05-15 15:03:03
Тушунуксуз жазылыптыр эмне учун орттойм деп атат. 20 сом сурадынар деппи?
0
adidilet
2014-05-15 15:53:57
Азыркы убактагы Мугалимдердин укугу корголбой калды..окуучулар окушпайт,тапшырма берсен аткарышпайт, соз айтсан - коркутушат,жоголуп же болбосо өлөм деп чыгышат, колун кичине тийсе эле бүттү өлгөнүң - уюлдук телефонуна тартып алышып,соттоп салат..Ал эми коомчулук ошол деградацияга туш болгон окуучуларга болушканда ичиң күйөт да..канчалаган нерв коройт мугалимдердин - алган айлыгы 5-6 миң..ушул адилеттүүбү??
+4
adidilet
2014-05-15 15:56:13
"кипишь" кылган активист мага жолукчу андан көрө
+1
Abdyrawit
2014-05-15 17:49:59
5 кол бирдей эмес.андыктан мугалимдерге бир нерсе деп айтуу да кыйынга турат.арада жакшы агай-эжекелер да бар.бирок ошону менен бирге эле окуучулардан акча чогулткан айрым мугалимдер да жок эмес.кыргызча айтканда "бир коро койду,бир чычкак улак булгайт" озу.....
эми биз бул жерде туруп алып бир нерсе айткан менен эч нерсе озгорбойт.андан коро сотторго кудай озу ынысап берип.туура чечим чыгарса.кимдики жалган кимдики чын экенин билип алабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан