Бишкек ШИИББи адам өлтүрүү фактысына шектелип жаткан селсаяктын жүргөн жерин тактоого көмөктөшүүнү өтүнөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматка караганда, изделип жаткан Сергей Абдрасулов аттуу жаран 1988-жылы туулган. Ошондой эле ал Сыргак Абдрасулов же Пушкин деген каймана ат менен да белгилүү. Мурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча соттолгон.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүнөн 1974-жылы туулган Е.Д. аттуу айымдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган фактыга шектелип Галина Елфимова аттуу жаран кармалган. Анын айтымында, Е.Д. аттуу айымды Сергей Абдрасулов жана Василий Коротков өлтүргөн.
Учурда Василий Коротков кармалып, экинчиси изделүүдө. Эгер аталган жаранды көргөн-билгендер болсо, 0773 70-97-19, 0772 17-53-75, 0557 24-11-09 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар болот.