Жыл башынан бери Чүй облусунун аймагында жаш балдардын катышуусунда 58 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, балдар жол кыймылынын эң аялуу катышуучулары болуп эсептелет. Балдар катышкан жол кырсыктарынын тең жарымы жол эрежелерин билбегендиктен келип чыгары аныкталган.
Былтыркы жылдын алгачкы төрт айында балдар катышкан 50 жол кырсыгы катталса, быйыл бул көрсөткүч 16 пайызга көп экени далилденди. Учурда Чүй ОИИББинин Жол-кайгуул кызматынын башкармалыгы тарабынан жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жатат.