Бишкекте "Министр түз байланышта" акциясынын алкагында "Коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн билим берүү" аталыштагы тегерек стол өз ишин баштады.
"2014-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барбаган 5,5 - 7,5 жаш курагындагы балдар үчүн 240 сааттык даярдоо программасы ишке кирет. Аталган программанын алкагында мектептердин ичинде 2237 класс-комплект ишке киришет", - дейт К.Садыков.
Анын айтымына караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына чейин кошумча 50 бала бакча, ал эми 2015-жыл аралыгында дагы 40ка жакын бала бакчанын курулушу күтүлүүдө. "Бул берилип жаткан убадалар куру сөз эмес. Бул долбоорлорду ишке ашыруу максатында Дүйнөлүк банк тарабынан 3 жылдык гранттык негизде 12 миллион доллар бөлүнгөн",- деп кошумчалады К.Садыков.