Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырууну улантышууда. Бүгүн, 15-майда депутат Нургазы Айдаров Алай районунда болуп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда өлкөдөгү саясий кырдаал, кыргыз парламентинин иши тууралуу маалымат берилип, жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн көйгөйлөр жаатында пикир алышты.
ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Тилеке баатырдын 220 жылдык мааракесин белгилөө иш-чарасына жардам катары уюштуруу комиссиясына акчалай каражат тапшырды.