Үстүбүздөгү жылдын август айынын этегине чейин оңдоо иштерине муктаж мектептердин тизмеси түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда КРнын Билим берүү жана илим министри
Канат Садыков билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдан тарта оңдоо иштерине муктаж мектептер 5 жыл аралыгында оңдоо планына кирип, алар оңдолуп-түздөлөт. "Билим берүү мекемелериндеги китеп менен камсыздоо бүгүнкү күндө 73 пайызды түзөт. Ал эми ноябрь айына чейин 80 пайызга чейин жетет. Ошондой эле 1-сентябрга чейин пилоттук программа алкагында замандын талабына ылайык 100гө жакын мектеп интерактивдүү жана инновациялык жабдуулар менен камсыздалат",- деди министр.