Кыргызстан агрардык өлкө делгени менен, анын алыскы аймактарындагы колдонулуп жаткан айыл чарба техникаларынын 90 пайызы эски. Муну депутат Сайдулла Нышанов айтканын 15-майда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Депутаттын билдиришинче, эски техникалар айыл чарбасында кризистик кырдаалды жаратууда.
"Өткөн жылы дыйкандарга 3 миллиард 124 миллион сомдун тегерегинде насыя берилген. Ал эми быйылкы жылдын май айына карата таратылган насыялардын эсеби 3 миллиард сомдон ашты. Өкмөт бул сумманы дагы 5 миллиард сомго жеткирүүнү көздөп жатат. Бирок Жогорку Кеңештин тармактык комитети бул сумманы 7 миллиард сомго жеткирүү сунушун көтөрдү",- дейт депутат.
Нышанов алынган насыялардын дээрлик 30 пайызга жакыны айыл чарба жумуштары үчүн эмес, той-аш сындуу башка жактарга жумшалып жаткандыгы катуу көзөмөлдү талап кылып жатканын кошумчалады.