Борбордогу Кенсингтон районунда өткөн иш-чарага 80ден ашуун мамлекет катышып, 100гө чукул бурч жасалды. Кыргызстандын түркүн түскө боёлгон экспозициясын улуттук сувенирлер жана кийизден жасалган моюн орогучтар толуктады.
Саамалыкта атайын Бишкектен барган Фарзана Шаршенбиева жана Улуу Британияда жашаган Гүлсара Девистин буюмдары көргөзмөгө коюлду. Кыргыз уздарынын колунан жасалган буюмдар британиялыктардын кызыгуусун арттырды.
Падыша бүлөсүнүн мүчөсү, ханбийке Александра Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнө суктанып жаткандыгын айтып, эл аралык фестивалга активдүү катышып келген кыргыз делегациясына ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу 15-майда ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.