Бүгүн, 15-майда Алай районунда Швейцария өнүктүрүү уюмунун каржылоосу жана "Свисс интеркорперейшн" уюмунун колдоосу менен Алай, Чоң-Алай райондорунда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Алай райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов жана Чоң-Алай районунун акими Абдулазиз Аширалиев, Швейцария өнүктүрүү уюмунун директорунун орун басары Реми Дювен жана "Хелветас Свисс интеркорперейшн" уюмунун президенти Элмар Ледергербер катышты.
Ошондой эле алар Т.Отунчиев атындагы гимназия-мектебиндеги күнөскана менен таанышып чыгышты.