“Рейтингдик тутумду иштеп чыгууну колго алып, жалпы элге тартуулайбыз. Калк окуу жайлар тарабынан билим берүү программаларын ишке ашыруу деңгээли боюнча толук маалымат алышы керек”,- дейт К.Садыков.
Анын айтымына караганда, ата-энелер жана абитуриенттер тандоо укугун пайдалануу менен мыкты, сапаттуу билим берген жогорку окуу жайларын тандаганга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.