Хоккейчи: "Сочидеги мелдешке катышпай калуу коркунучунда турганда Бакыт Төрөбаев абалды түшүнүп, каржылады"

“Ала-Тоо Дордой” хоккей командасы 10-майда Сочиде жыйынтыкталган адистик эмес топтор арасындагы Бүткүл Орусиялык хоккей фестивалына катышып кайтты. 

Чабуулчусу Алмаз Оконбаев Сочиге болгон сапарында спортчулар өз каражаттары менен барууга мажбур болгонун жана ага кыйын кырдаалда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаевдин жардам бергенин билдирди. 

Анын айтымында, "Ала-Тоо Дордой" командасынын курамында 40 жаштан жогорку 20 хоккейчиси болуп, алар ошол жаш курагындагылар арасындагы мелдешке катышышты. Кыргыз хоккейчилери өз тайпасында Крым, Беларусь жана Сербия курамалары менен беттешип, крымдыктардын үстүнөн жеңишке жетишсе, беларустарга уттуруп, ал эми сербиялыктар менен тең чыгышкан. 

“Чынын айтканда, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевге мен ыраазымын. Ушундай көйгөй бар экенин билери менен эле ал мага дароо акчалай жардамын берди. Ошол кишинин жардамы менен командабыздын маанилүү беттешүүлөрүнө катыштым. Биз татыктуу 9-орунду ээледик. Биз азиялык команда жана белгилүү хоккейдин дөө-шаа мамлекеттеринин өкүлдөрүнө каршы ойногонубузду эске алганда, бул жаман жыйынтык эмес”,- деп билдирди Алмаз Оконбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан